Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Таласта жигердүү аялдар окутуудан өтүп жатат


Кыргызстандык аялдар Нооруз майрамында. Зафер Динсердин сүрөтү.
Кыргызстандык аялдар Нооруз майрамында. Зафер Динсердин сүрөтү.

Таласта облустагы айылдык аялдардын жергиликтүү саясий процесстердеги ролун күчөтүү боюнча окутуу өтүп жатат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу болгон "Диланар" коомдук бирикмеси "Азаттыкка" билдирди.

Аймактагы жергиликтүү активист аялдар катышкан окутууда депутаттык макам, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзам, бюджетти түзүү жана анын аткарылышы сыяктуу маселелер талкууланып жатат.

Бирикменин окутуучусу Кайрат Исмаилов иш-чара туурасында буларды айтты:

- Биз изилдөө жүргүзгөндө айылдык кеңештерде депутат аялдар жокко эсе экени аныкталды. Маселен, Таластагы 37 айыл өкмөттөгү 550 мандатка жалпысынан 1464 талапкер ат салышкан. Анын ичинен 142си аял болгон, бирок шайлоодо 41 гана аял депутат болуп шайланган. Бул бир айыл аймагына 1,3 пайыз гана аял туура келди деген сөз. Мындай көрсөткүч ошол эле айылда же райондо социалдык маселелер чечилбей калып жатканын каңкуулайт. Мисалы, бюджетти бөлүштүрүүдө бала бакча салуу, мектепти оңдоо сыяктуу негизинен аялдар басым жасай турган маселелер көмүскөдө калып кетет. Ал эми эркектер арык казуу, спорттук аянтчаларды куруу же техника алуу сыяктуу жумуштарга бюджетти бөлүштүрүп коёт. Андыктан ушул сыяктуу окутууларга катышуу менен келечекте аялдар да өз дараметин көрсөтсө болот.

Таласта алгачкы жолу уюштурулуп жаткан окутууга жалпысынан 100дөн ашык аял катышууда. (AlS\ErN)

XS
SM
MD
LG