АКШнын мурдагы биринчи айымы Барбара Буштун абалы оор. Ал кошумча дары-дармектен баш тартып, үйүндө, жакындарынын кароосунда экенин үй-бүлөнүн маалымат катчысы Жим МакГраз маалымдады.
- Жакында эле ооруканага жатып чыгып, үй-бүлө мүчөлөрү жана дарыгерлер менен кеңешкенден кийин 92 жаштагы Буш айым кошумча дарылануудан баш тартып, анын ордуна тынч эс алууну тандады, - деди ал 15-апрелде жасаган билдирүүсүндө.
Барбара Буш 1989-1993-жылдары өлкө башында турган Американын 41-президенти Жорж Буштун зайыбы жана Кошмо Штаттардын 43-президенти Жорж Буштун (кичүүсү) энеси.
АКШнын маалымат каражаттары жазгандай, Барбара Буш жүрөк жана өпкө ооруларынан жабыркап келген.
Барбара менен Жорж Буш 1945-жылы баш кошкон. Алар алты балалуу болуп, бир кызы наристе кезинде чарчап калган.