Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:28

Мирзиёев: ыгы жок мактоолордон тажадым


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жекшембиде Сыр-Дарыя облусунун Сайхунабад районунун коомчулук өкүлдөрү менен жолугуп жатып, атайын даярдалган кишилердин ыгы жок мактоосунан тажаганын айтты. Ал жыйында аймакты жыйнап-тазалоо иштерине мугалимдерди тарткан аткаминерлерди кескин сынга алды. Президент мындай мажбурлоого барган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн кызматтан алаарын эскертти.

"Kun.uz" сайты жазгандай, Мирзиёев Самарканд аймагында борбордук көчөлөрдүн бирин тазалап жүргөндө КамАЗ сүзүп кеткен мугалим Диана Еникееванын өлүмү тууралуу кабардар экенин айтып, ал үчүн өзүн күнөөлүү сезип жатканын билдирди. Мындан тышкары өзбек президенти аймактарга сапарга барарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү “жакшы көрүнүү” үчүн жасакерленип калышарын билерин айтты.

- Чынын айтсам, мунун баары мага ыңгайсыздыкты жаратат, итиркейимди келтирет, - деп айтты Мирзиёев.

Эл аралык уюмдар расмий Ташкентти мамлекеттик кызматкерлерди ар кандай иштерге мажбурлап чыгарып, өзгөчө пахта теримге салганы үчүн узак жылдардан бери сындап келишет.

XS
SM
MD
LG