Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Мирзиёевге жагынган аймак төбөлдөрүнүн амалы


Мирзиёевдин келишине карата Сырдарыя облусунда боёлуп жаткан үйлөрдүн бири.
Мирзиёевдин келишине карата Сырдарыя облусунда боёлуп жаткан үйлөрдүн бири.

Өзбекстанда аймактардагы бийлик өкүлдөрү Шавкат Мирзиёевге жагынуунун түркүн айласын кылып жатышат.

Өзбекстанда укук коргоочу Исраил Ризаев президент Шавкат Мирзиеёв келээрде үйүн сары түскө сырдоодон баш тартканы үчүн үч миллион сум айып тарткан.

Мирзиеёвдин Сырдарыя облусундагы сапары 4-апрелге дайындалган болчу. Ага даярданган жергиликтүү бийлик чоң жолдордун жээгинде жайгашкан үйлөрдүн ээлерин тамдын сыртын жана чатырларын бирдей түскө сырдоону тапшырган.

"Эзгулик" коомунун активисти Исраил Ризаев ИИМдин Мирзаабад райондук бөлүмүнүн башчысынын тапшырмасына каршы чыкканын, акырында үч миллион сум айыпка жыгылганын баяндайт.

- Алар үйүмдү "сары түскө сырдайбыз" дешти. «Бул менин жеке менчигим, анын дубалдарын сарыга боёгум келбейт» десем, алар "милдеттүүсүң" дешет. Мунун башында ИИМдин райондук бөлүмүнүн башчысы Элёр Абдуллаев турат. Мен "мындай иштер ИИМдин милдеттерине кирбейт" десем, ал «бул облустун акиминин буйругу, бул саясат» деп туруп алды.

Укук коргоочу Исраил Ризаев ички иштер органдарынын өкүлдөрү менен талашууда.
Укук коргоочу Исраил Ризаев ички иштер органдарынын өкүлдөрү менен талашууда.

Мындан соң Ризаевдин үйүнө Башкы прокуратуранын Мажбурлап аткартуу бюросунан кызматкерлер келип, "электр жарыгына акы төлөгөн эмес" деген жүйө менен 360 доллар өлчөмүндө айып жазышкан. Буга кошумча «көчөнүн көркүн бузууда» деп дарбазасын алдыртып, тамын сарыга, чатырын көккө сырдап кетишкен.

Мирзиеёв өзү Сырдарыя облусуна барбай калган. Президенттин иш сапарынын алдында аймактардагы бийлик өкүлдөрү калкты мажбурлап, Мирзиеёвге жагыныш үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүп жатканы бир топтон бери эле айтылып келет.

30-мартта Шавкат Мирзиеёв Зарбдор районуна барып, «Зарбдор текстил» ишканасынын абалы менен таанышкан. Жергиликтүү жашоочулар «Азаттыктын» өзбек кызматына райондук бийлик президенттин көзүнө «спектакль» уюштурганын айтып беришкен.

- Жергиликтүү бийлик биздин урматтуу президентти дагы алдады. Ал бул жерде көргөндүн баары жалган. Ошол күнү текстил ишканасында иштеген кыздар тигүүчүлөр эмес. Алар коллеждин студенттери. Президент болсо "аймактагы жаштар жумуш менен камсыз болуп жатат" деп ишенип кетти, - деген эле кайрылгандардын бирөө.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын маалымат булактары Мирзиёевдин Жизак облусуна келишине карата текстил ишканасынын тигүүчүлөрүнүн ролун жергиликтүү коллеждин студент кыздары аткарганын билдиришкен.
"Азаттыктын" өзбек кызматынын маалымат булактары Мирзиёевдин Жизак облусуна келишине карата текстил ишканасынын тигүүчүлөрүнүн ролун жергиликтүү коллеждин студент кыздары аткарганын билдиришкен.

Алар ошондой эле райондук администрация айыл чарба жана экономика коллеждеринин студент кыздары эки жума бою президент менен жолугушууга атайын даярдалганын, баарына жаңы форма таркатылып, президент кайрылып калса эмне сүйлөштү да үйрөтүлгөнүн айтышкан. Иш жүзүндө текстил ишканасы эксплуатацияга берилген эмес, жергиликтүү калк жумуш менен камсыз болгон эмес.

Январдын башында болсо Кашкадарыя облусунда Мирзиёевдин кортежи өтө турган жолдун жээгине жасалма күнөсканалар шашылыш тургузулганы видеого тартылып калган. Буга кошумча облустун Камашин жана Касан райондорунда көчө тазалап, бактарды актоого мектеп мугалимдери жөнөтүлсө, Шахрисаб районунда мындай иштерге борбордук оорукананын медайымдары жана санитарлары чыгарылган.

16-мартта Каттакурган районунун жетекчилиги Мирзиёевге көрсөтүш үчүн дыйкандарды жол боюна күнөскана курууга мажбурлап жатканы кабарланган. Президент кеткенден кийин күнөсканалар кароосуз калганы айтылган.

Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлердин президентке жагынуу аракеттери коомчулукта талкуу жаратканы менен Шавкат Мирзиёев бул тууралуу кеп козгой элек. Бирок анын басма сөз катчысы Комил Алламжонов "Фейсбуктан" видео аркылуу кайрылып, "президенттин көзүнө жасалып жаткан иштер" жөнүндө Мирзиёев кабардар экенин билдирди. Анткен менен өзү айрым маалыматтар апыртылган деген ойдо.

Комил Алламжонов.
Комил Алламжонов.

- Менин оюмча мындай маалыматтар аша чапкандык. Президент барган күнөсканалардын баары чын. Аларды бир-эки күндө тургузууга болбойт. Эгерде бул күнөсканалар президент кеткенден кийин алынып салынса, жарандар бизге кайрылсын. Тийиштүү жетекчилерге чара көрүлөт. Ал эми күнөсканалар президенттин сапарынын алдында курулган болсо, анда андагы мөмө-жемиштердин бышып жетилишин күтөлү.

Кыргызстандык саясий серепчи Сейтек Качкынбай кыргыз-өзбек мамилесиндеги жылыштарды, Мирзиёевдин Өзбекстанда жасап жаткан алгылыктуу иштерин белгилейт. Ошол эле маалда Мирзиёевдин иштери мамлекеттик кызматкерлердин жагынуу аракеттери жана ашыкча мактоо-жактоо менен коштолуп жатканын айтат.

Сейтек Качкынбай.
Сейтек Качкынбай.

- Өзбек президентинин иштери социалдык тармактарда расмий баракчалары аркылуу кеңири чагылдырылууда. Ал өзүн либерал башчы катары көрсөтүп келет. «Пиар» да болуп кетип жатат. Сын көз караш менен карабаган адамдар, мисалы, «Айтматовдун көчөсү ачылыптыр, Манас айылын оңдоптур» деп эрип кетип жатышат. Мунун экинчи жагы бар. Мындай маалда бийлик өкүлдөрүнүн жетекчиликке жагыш үчүн аша чаап, жасалма кылган иштери да көрүнүп калып жатат. Анан илгертеден калган салт-санааны бир жарым жылда өзгөртүүгө болбойт да. Бирок Өзбекстанда болуп жаткан жакшы, прогрессивдүү нерселерди белгилебей коюуга болбойт.

Мындан үч жыл мурун Шавкат Мирзиёевдин Фергана облусундагы Куштепин районундагы сапары жөнүндө кабарланганда жергиликтүү бийлик элди жыйылган пахтаны кайрадан талаадагы өзөгүнө тагууга мажбурлаган окуя болгон. Анда Мирзиёев премьер-министр болуп турган. Бирок жергиликтүү бийликтин мындай жагынуу аракети көрүнбөй калган, Мирзиёев анда бул районго барган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG