Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:39

Вашингтон Орусияга жаңы санкция киргизүүнүн мөөнөтүн жылдырды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнүн мөөнөтүн жылдырууга буйрук берди.

Мурдараак АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли өлкөнүн Финансы министрлиги Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялашы мүмкүн экенин билдирген. Дүйшөмбүдө Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс администрация Сириядагы болжолдуу химиялык чабуулдан кийин Орусияга кошумча санкция киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын журналисттерге айткан.

Ак үйдөгү расмий маалымат булактары Орусияга каршы экономикалык санкциялар башка чаралар менен катар эле "олуттуу каралып жатканын" ырасташты. Трамптын сөзүнө караганда, бул чаралар боюнча акыркы чечимдер жок. Вашингтондо президент Трамп Орусияга каршы кошумча санкцияларды киргизиши күмөн экенин белгилеп жатканын "Reuters" агенттиги жазды.

Апрель айынын башында АКШнын Финансы министрлиги орусиялык 38 ишкерге, расмий адамдарга жана компанияларга санкция киргизген. "Кара тизмеде" Олег Дерипаска, Кирилл Шамалов жана Виктор Вексельберг, 17 орусиялык аткаминер, алардын ичинде ички иштер министри Владимир Колокольцев, Тышкы иштер комитетинин башчысы Константин Косачев, коопсуздук катчысы Николай Патрушев, "Росгвардиянын" башчысы Виктор Золотов жана башкалар бар.

XS
SM
MD
LG