Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Түркмөнстанда 30 жашка чейинки жигиттердин чет өлкөгө чыгышына тыюу салынды


Түркмөн чек арачылары.
Түркмөн чек арачылары.

Түркмөнстанда отузга чыга элек эркектер мындан ары чет өлкөгө чыгарылбайт. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматына Дашогуз облусунун тургуну билдирген.

Атын атагысы келбеген адамдын айтымында, бул чечим жарандардын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн кабыл алынган.

"Чет өлкөгө чыкканы жаткан 27 жаштагы таанышымды Миграциялык кызматтын облустук бөлүмүнө чакырып, билетин алып коюшкан. Ага 30га толо элек эркектердин өлкөдөн тышка чыгышына тыюу салынган буйрук бар экенин айтышкан", - деди ал.

Маалыматтарга караганда, бир нече жигитке билеттин акчасын кайтарып беришкен.

Түркмөнстанда соңку айлардан бери чет өлкөгө, биринчи кезекте Түркияга чыгууда тоскоолдуктар келип чыкты. Мындан тышкары түркмөн бийлиги башка өлкөдө иштеп жүргөн мигранттарды, студенттерди артка кайтарууга аракет кылып жатканы да айтылууда.

XS
SM
MD
LG