Линктер

бейшемби, 22-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:05

Баткенде кыргыз-өзбек жаштарынын фестивалы башталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүндөн тартып Баткен шаарында “Маданият – достуктун көпүрөсү” аттуу кыргыз-өзбек жаш таланттарынын фестивалы башталды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары “Азаттыкка” кабарлашты.

Маданий саамалыкка Баткен шаарынан жана Өзбекстандын Фергана өрөөнүнөн жүздөн ашуун кыз-жигиттер келген. Алар Баткен шаарынын ажайып жайлары, маданияты жана музыкасы менен таанышат. Жаштар андан ары төрт күн - 20-апрелге чейин ар кандай оюн-зоокторду өткөрүп, түрдүү өнөрлөрүн тартуулашат.

Жаштар фестивалын Баткен шаардык администрациясы жана Фергана акимиаты уюштуруп жатат. Аны БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) каржылоодо. ЮНИСЕФ буга чейин Баткен облусунда жана Баткен шаарында жаштардын алты борборун ачып берген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси 2016-жылдын аягынан тартып оңоло баштаган. Андан бери эки өлкөнүн президенттери бири-бирине бир нече жолу барып келип, чек аралаш облустарда он чакты маданий иш-чара өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG