Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, Бишкек шаарында бала бакчага электрондук тартипте кезекке тургандардын саны 6260 адамга жетти. Маалыматка караганда, мурда жазуу түрүндө берилген 4300дөн ашуун арыз да бул кезекке кошулуп, киргизилди.
Бала бакчаларга электрондук кезекке туруу тартиби “Таза коом” программасынын алкагында ишке кирип жатат. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги да айрым бейтапканаларга ушундай система киргизген.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, www.balabakcha.edu.gov.kg сайты аркылуу кезекке тургандардын саны бир күндө 70-100гө жетүүдө.
Кыргызстанда бала бакчага болгон муктаждык жогору. Буга чейин мектеп жашына чейинки балдардын дээрлик 50% бала бакчага барбасы статистикалык маалыматта айтылган.
Бала бакчага орноштуруудагы коррупцияны жоюу максатында өкмөт 2014-жылы Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда пилоттук долбоор баштап, электрондук кезекке туруу системасын киргизген. Буга ата-энелердин “баланы бакчага киргизүү университетке өткөрүүгө тете түйшүккө айланды, бакчаларын жетекчилери орун аздыгына шылтап алган пара жылдан жылга өсүп жатат” деп арызданганы себеп болгон. (КЕ)