Ушул тапта парламенттин үч фракциясы премьер-министр Сапар Исаков башында турган өкмөттүн бир жылдык отчетун угуп жатат. Анда төрагалык кылып жаткан “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өкмөт башчынын Тогуз-Тородогу башаламандык боюнча буга чейин айткандарын тактады:
- Сиз Тогуз-Тородогу окуянын артында саясатчылар турарын, толугураак кийинчирээк айтыла турганын айттыңыз. Бажы боюнча да маалыматтар бар экенин билдиргенсиз. Эгер маалымат болсо башка күнгө калтырбай ачык айтыңыз. Премьер-министр катары сизде маалымат көп, толтура. Ачык эле айта бериңиз, биз дагы уккубуз келет да.
Исаков бул анын өзүнүн укугу экенин, качан айта турганын өзү билерин айтып, “азыр баары эле саясатчы болуп кетти” деп жооп берди. (КЕ)