Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:31

Ереванда борбордук жолдор бүгүн да тосулду


Ереванда жол торогондор. 17-апрель, 2018-жыл.

Бул тууралуу “Азаттыктын” армян кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсяндын бийлиги эми премьер-министрлик кызматта уланышына каршы оппозициялык кыймылдын активисттери бүгүн эртең менен да Еревандын борбордук жолдорун тороп, ал жердеги кыймылды токтотушту.

Оппозициялык кыймылдын активисттери менен жактоочулары жолдорду торош үчүн таштанды чогултулуучу челектерди, отургучтарды, башка буюмдарды да колдонушту. Айрым жарандар ал тургай "бузулду" деген шылтоо менен өз автоунааларын да жолдун ортосуна таштап кетип жатышты.

Азыркы нааразылык акцияларынын лидери, парламент депутаты Никол Пашиниян жактоочуларын демонстрацияларды бүгүн да улантууга чакырган. Бүгүн Еревандын борборундагы Франция аянтында полиция өкүлдөрү ага полициянын демонстрацияларды токтотуу жөнүндө чечимин кагаз жүзүндө тапшырышты. Бирок Пашинян «Арменияда толугу менен баш ийбестик башталды!» деп, ал документти элдин көзүнчө айрып салды.

Кечээ парламент имаратынын алдында демонстранттар менен полиция күчтөрү кагылышканкандан кийин кеминде 46 адам дарыгерлерге кайрылган.

Армениянын парламенти мурдагы президент Серж Саргсянды премьер-министрликке бүгүн бекиткени турат. Буга каршы кээде миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары Ереванда акыркы беш күндөн бери өтүп жатат.

2015-жылдагы конституциялык реформадан кийин Арменияда премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президенттики тескерисинче азайган эле.

Өлкөнүн мурдагыдай жалпы эл эмес, парламент шайлаган президенти Армен Саркисян 9-апрелде кызматка киришти. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG