Линктер

дүйшөмбү, 15-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:19

“Жашылдандыруу курулуш” ишканасы 9 миң сомдук көчөттөр боюнча түшүндүрмө берди


Бишкекте президент Сооронбай Жээнбеков катышкан ишембилик. 24-март, 2018-жыл.

Бишкек мэриясынын алдындагы “Жашылдандыруу курулуш” (“Зеленстрой”) муниципалдык ишканасы коомчулук кызуу талкуулап жаткан 9 миң сомдук көчөттөр боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин маалымат катчысы Мирлан Даанышмандын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, көчөт атайын комиссиянын, экологдордун сунушу менен алынган.

- 9 миң сомдук көчөттү базардан эле барып бир киши сатып алган жок. Сатып алардын алдында комиссия иштеп, эксперт, экологдордун мүнөздөмөсүнүн негизинде тендер жарыяланган. Ошондо ушул баага татыктуу деген баа коюлган. Адистер чыгарган бүтүмгө ылайык, бизде өскөн көчөттөр талапка жооп бербейт. Экинчиден, бул көчөт эмес, бак. Эки жылдан кийин эле экологиялык функциясын аткара баштайт. Биздин базарда сатылып жаткан көчөттөр 7-8 жылда экологиялык функцияларын аткарып баштайт. Ушундай талаптары бар. Андан сырткары токой чарбалары ошондой көлөмдөгү бактарды өндүрүп бере албайт.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы расмий маалыматка караганда, “Жашылдандыруу курулуш” ишканасы чет жактан 13 миллион 763 миң сомго бак-дарактардын алты түрүн сатып алган. Майда жалбырактуу липа, зараң, каштан жана чынар терек сыяктуу түрлөрүнүн ар бири 9 миң 90 сомго туура келген. Ал эми декоративдик алма багы, четин 5 миң сомго жакын бааланган. Өсүмдүктөрдү өстүрүүчү чарбанын кызматкерлери көчөттөр кымбат алынган деген пикирде.

Социалдык тармактарда 9 миң сомдук көчөттөр кызуу талкууга алынып жатат. Ушул тапта “Зеленстрой” жаңы отургузулган бактарды журналисттерге көрсөтүп жүрөт. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG