20-апрелге чейин аба ырайы туруксуз болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү түшөт.
18-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12;
Таласта түнкүсүн 0...-2, күндүз 5...10;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 9...14;
Баткенде түнкүсүн 3...8, күндүз 10...15;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, күндүз 7...12;
Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12 градуска чейин жогорулайт.
Бишкек шаарында 18-апрелде мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5, күндүз 10...12 градуска чейин жылуу болот. (ErN)