Бул тууралуу мамлекеттик ИРНА жаңылыктар агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, Иран тарап полициянын бир офицери жана эки жоокери согушкерлердин кол салуусунан мерт болду деп болжолдоп жатат. Алар түшкөн автоунаа чек арада жарылган.
Иран тарап коопсуздук күчтөрү чек арада алар “террорчу” деп мүнөздөгөн үч кишини “өз убагында” жок кылганын да кабарлады.
Ирандын коопсуздук күчтөрү Пакистан жана Ооганстан менен чектеш Систан-Белужистан провинциясында согушкерлер жана баңгизат ташуучулар менен кагылышып турат. Ирандын бул аймагы аркылуу ооган апийими жана героини аткезчилик жол менен ташылган негизги жол өтөт. (UE)