Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Кыргызстанга төрт млрд. сомго жакын грант келбей калды


Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, “Республика - Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Марлен Маматалиев бүгүнкү өкмөттүн отчетун караган жыйында билдирди. Ал өкмөт мүчөлөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шалаакылыгынын айынан мамлекетке сырттан кайтарымсыз жардам келбей жатканын айтып, буга ким жоопкерчилик алаарын сурады:

- Бир жагынан насыя алып атабыз, экинчи жагынан бекер келген гранттарды ала албай калып жатабыз. Мисал катары айтып кетейин, арабдар “Таза суу” долбоору боюнча бизге 45 млн. доллар грант берип, насосторду алып беришкен. Алар акчаны бекер берип, болгону "бизге фото отчет берип койгула" дешкен. Бирок ошону фото отчетту бербей койгону үчүн эле алар эми бизге экинчи грант бергис болушту. Ушундай эле жол менен, бизге быйыл 4 млрд. сомго жакын грант келбей калды. Буга жоопкерчиликти ким алат, ким жоопкерчиликке тартылат? Насыя албай эле бекер келген гранттарды ала берсек болмок да?

Сапар Исаков бул боюнча жооп берип жатып, гранттарды иштете албаган жетекчилерге чара көрүлөөрүн айтты:

- Менин министрлерге, бир катар аткаминерлерге сөгүш жарыялаганым ушуга байланыштуу болчу. Алар өздөрүнө караштуу министрликтерде, мекемелерде сырттан келген гранттарды иштете албай жатышат. Эми азыр катуу талап койдук. Буюрса гранттарды жакшы иштете башташат. Натыйжа болбосо көбүн иштен кетиребиз.

Финансы министрлигинин 2017-жылдын апрелиндеги маалыматы боюнча 1991-жылдан бери Кыргызстан эл аралык донорлордон 9,2 млрд. доллар насыя жана грант алган. Карыздын 40 пайызы Кытайдан алынган жана 21 пайызы энергетика тармагына жумшалган.

Жогорку Кеңештеги азчылыкты түзгөн "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары өкмөттүн бир жылдык иши үчүн отчетун угуп, суроолорду берип жатышат. Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта ишке киришкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG