Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Бүгүн Тогуз-Торонун кармалган тургундарынын бөгөт чарасы каралат


Бишкектеги митингчилер.
Бишкектеги митингчилер.

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган 15 адамдын бөгөт чарасы бүгүн кечинде каралат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” кабарлады.

- "Ак үйдүн" алдына чогулган Тогуз-Торонун тургундарына жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келдим. Алар негизинен "тергөө акыйкат өтсүн, негизги шектүүлөр эмнеге кармалбайт, эмнеге Бишкекке алып келип тергелет" деген суроолорду койду. Бул иш резонанс жаратып жатканы үчүн ИИМдин тергөө кызматына алынганын, тергөөгө алынган 120дан ашуун адамдын ичинен 15 киши конкреттүү тиешеси бар деген ыкчам маалымат, видеолордун негизинде алынып келгенин айттым.

Сейитовдун айтымында, Жогорку Кеңештин алдына митингге чыккандар окуяга тиешеси бар деген беш кишинин аты-жөнүн беришкен. Алар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Мындан сырткары, Сейитов "кармалган аялдардын биринин эки айлык баласы бар" деген маалымат туура эместигин, анын баласы эки жашта экенин айтты.

Бүгүн Тогуз-Торонун борборунда жүздөгөн, Бишкекте 50дөн ашуун киши нааразылык акциясына чыгып, кармалган кишилерди бошотууну жана Макмал кенинде алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын курулушун токтотууну талап кылып жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG