Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Жээнбеков Карабековго карата материалдык доосунан баш тартты


Кабай Карабеков
Кабай Карабеков

Президент Сооронбай Жээнбеков Кабай Карабековго карата материалдык доосунан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн «Азаттык» радиосуна журналист өзү кабарлады.

«Бүгүн президент тиешелүү документке кол коюп, сот аткаруучуларга жөнөттү. Ал Брюсселде иш сапарда жүргөндө сөз эркиндигин коргоого убада берген жана азыр ошону иш жүзүндө далилдеп жатат. Бул жакшы прецедент жана башкаларга үлгү», - деди Карабеков.

Ошону менен катар журналисттин өлкөдөн чыгуусуна салынган тыюу да алынды.

Быйыл 22-февралда Жогорку сот Жээнбековдун Карабековго карата доосун териштирип, Свердлов райондук соту менен Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. Карабеков Жээнбековго 5 миллион сом төлөп бериши керек болчу.

2017-жылдын 11-сентябрында 24.kg сайтында Кабай Карабековдун "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макаласы чыккан. Анда “президенттердин жабык жолугушуусунда Москва кыргыз тарапка эки өлкөнүн атайын кызматтарынын бир тууган Жээнбековдордун радикал араб уюмдары, анын ичинде Орусияда террордук деп табылган "Социалдык реформалар коому" менен тыгыз байланышы тууралуу маалыматына тынчсызданарын кыйытты" деп жазылган.

Ошол кезде президенттикке талапкер болуп турган Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы "ушак жана жалган жалаа" деп сотко кайрылган. Моралдык зыян катары макаланын автору Кабай Карабеков менен 24.kg агенттигинин ар биринен беш миллион сомдон өндүрүүнү өтүнгөн. Свердлов райондук соту алардын доосун канааттандырган. Карабеков буга макул болбой, жогорку инстанцияга кайрылып, Бишкек шаардык соту да райондук соттун чечимин өзгөрткөн эмес.

Быйыл 5-февралда президент 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айыппул өндүрүү тууралуу доосунан баш тарткан. (BK/RK)

XS
SM
MD
LG