Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 00:13

Арменияда мурдагы президент Саргсян премьерликке шайланды


Серж Саргсян парламентте. 17-апрель, 2018-жыл.

Серж Саргсяндын талапкерлигин бийликтеги Республикалык партия сунуш кылып, парламенттеги добуш берүүдө 76 депутат колдоп, 17си гана каршы чыкты.

Мунун алдында мурдагы президенттин бийлиги эми премьер-министрлик кызматта уланышына каршы чыккан оппозициялык кыймылдын активисттери бүгүн да Еревандын борбордук жолдорун тороп, ал жердеги кыймылды токтотушкан.

Борбордук Франция аянтындагы митингден кийин нааразылык акциялардын лидери, оппозициячыл депутат Никол Пашинян “өлкөдө революциялык кырдаал” түзүлгөнүн, тынч мүнөздөгү “баркыт ыңкылабы башталганын” жарыялап, демонстранттар курчоого алыш үчүн өкмөттүк имараттарды карай жылышкан эле.

Алар Башкы прокуратураны, Борбордук банкты, Кассациялык сотту, өкмөт имаратынын жаңы корпусун, анын ичинде Тышкы иштер министрлигин, Юстиция министрлигин курчоого алганы кабарланган.

Ереван полициясынан “Азаттыктын” армян кызматына маалымдашкандай,бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 14кө карата административдик укук бузган демонстранттардын 80дейи кармалган.

Саргсянга каршы Еревандагы жүрүш. 16-апрель, 2018-жыл.
Саргсянга каршы Еревандагы жүрүш. 16-апрель, 2018-жыл.

Серж Саргсяндын премьер-министр болушуна каршы чыгы кээде миңдеген адам катышкан нааразылык акциялар Ереванда акыркы беш күндөн бери өтүп жатат.

2015-жылдагы конституциялык реформадан кийин Арменияда премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президенттики тескерисинче азайган эле.

Өлкөнүн мурдагыдай жалпы эл эмес, парламент шайлаган президенти Армен Саркисян 9-апрелде кызматка киришкен.

Серж Саргсян президенттиктен кийин премьер-министрлик кызматка өтүү ниетин быйыл март айына чейин төгүндөп келген. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG