Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Оппозицияны куугунтуктагандарды аныктоо демилгеси көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда “оппозицияны куугунтуктады” деген кызматкерлердин жоопкерчилигин аныктоо боюнча коомдук акция башталды.

“Коомдук келишим” деген кыймыл президентке жана парламентке кайрылып, соңку кезде ишинен алынып жаткан жетекчи кызматкерлерди жөн гана бошотуп койбостон, алардын ишмердүүлүгүн терең иликтөө керек экенин билдирди.

Бул үчүн Жогорку Кеңеш атайын парламенттик комиссия түзүшү зарыл деген сунуш айтылды.

“Оппозицияны, айрым саясий жана коомдук ишмерлерди, журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарын куугунтуктап, аларга карата иш козгогон, соттогон прокуратура, милиция, улуттук коопсуздук кызматкерлерин жана президенттик аппараттын соттук реформа бөлүмүнүн өкүлдөрүн аныкташ керек. Бул ишке укук коргоочулар жана жарандык коом өкүлдөрү да тартылганы туура” деп айтылат кыймыл тараткан кайрылууда.

Ошону менен катар мамлекеттен каржыланган КТРК, ЭлТР, 5-канал, "Пирамида" телеканалдарынын ишине да баа берүү тууралуу талап коюлду.

Былтыр оппозиция өкүлдөрү өткөргөн жыйындардын биринде Кыргызстанда 25 саясий туткун камакта экени маалымдалган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG