Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Сапар Исаков оппозиция менен ай сайын жолугуп турууга убада берди


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Премьер-министр Сапар Исаков парламенттеги оппозиция менен бир айда бир жолу жолугушуп турууну көздөйт. Бул тууралуу ал кечээ парламентте билдирди.

Жогорку Кеңештеги азчылыкты түзгөн "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары өкмөттүн бир жылдык отчетун угуп, ага “канааттандырарлык эмес” деген баа беришти. Анда негизги талкуу-талаш Кумтөр, Тогуз-Тородогу жагдай, "Акылдуу шаар" долбоору, ГЭС куруу, коррупцияга каршы күрөш жана башка жагдайларга байланыштуу болду.

Жыйындын соңунда Сапар Исаков:

- Отчеттон өтүп, мындан ары иштесем, анда бир сунуш киргизет элем – бир айда бир саат оппозициялык фракциялар менен жолугуп, бүт суроо-талаптарды угуп, жооп бергенге аракет кылалы, - деди.

Өкмөттүн отчету буга чейин КСДП жана “Кыргызстан” фракцияларында каралып, жактырылган. (RK)

XS
SM
MD
LG