2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн экспорттун көлөмү 27% көбөйдү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.
Анда белгиленгендей, 2017-жылы Кыргызстандын тышкы экономикалык соодасынын өлчөмү 12,5% өскөн. Анын ичинен экспорттун өлчөмү ЕАЭБ өлкөлөрүнө 27%, ал эми үчүнчү өлкөлөргө – 8,6% көбөйгөн.
Өкмөт тышкы сооданын көрсөткүчтөрүндөгү өсүштү атамекендик өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көбөйгөнү менен байланыштырды. (ErN)