Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:56

Момбеков: Өрт боюнча эч ким жооп бербей жатат


Бишкекте Ош базарында чыккан өрт. 13-апрель, 2018-жыл.
Бишкекте Ош базарында чыккан өрт. 13-апрель, 2018-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков: “Өкмөт, өрт чыкканга чейин мактанасыңар, өрт чыккандан кийин актанасыңар”, - деп өрт коопсуздугун талкуулаган парламенттин жыйынында тиешелүү органдардын алдын алуу иштерин сынга алды. Момбеков соңку учурда катталган кырсыктарга эч ким жооп бербей жатканына токтолду:

- Алдын алганга эмес, артын алганга өнөкөт таап алгансыңар. Кудай сактады, биринчисинде 172 млн., экинчисинде 18 млн. жабыр тартты. Дагы жакшы, өчүрүп калышты, бурчунда май куюучу жай бар. Андан ары жагында эки мунай базасы бар. Ал күйсө Бишкектин жарымы жок болмок, куйкаланмак. Кемероводо өрт болду, Түлеев кетти, Тогуз-Тородо аким кетти. Бул жерде үч өрт болсо бир киши кеткен жок.

13-апрелге караган түнү Бишкектеги "Берекет" базарын өрт чалып, 2000 чарчы метр жери товарлары менен кошо күйүп кеткен. Укук тартибин коргоо органдары мында "өрт атайын коюлушу мүмкүн" деген версияны да карап жатат. Ушул эле күнү Жалал-Абаддагы борбордук базар да өрттөнүп, 1300 чарчы метрден ашуун соода аймагы күйдү. Жыл башынан бери Ош базарын эки жолу өрт чалган. Жалпысынан 300дөн ашуун ишкер зыян тарткан.

Жогорку Кеңеш бүгүн өрт коопсуздугу, Бишкекте жана Жалал-Абадда ири базарларда өрт чыкканына байланыштуу маселени карап жатат. Жыйынга базар жетекчилери, жабыр тарткандар да катышууда. (КЕ)

"Берекет" базарын тилсиз жоо каптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00

XS
SM
MD
LG