Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Муканбетов: Өрттөн жабыркагандарга насыядан жеңилдик берилет


Санжар Муканбетов.
Санжар Муканбетов.

Кийинки убакта өрттөн жабыркагандарга жеңилдетилген насыялар каралат. Бул маселе комиссия, коммерциялык банктар жана Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен бирге каралууда. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында вице-премьер-министр Санжар Муканбетов билдирди:

- 16-апрелде премьер-министр коммерциялык банктардын өкүлдөрүн чогултуп, "кандайдыр жардам бергиле" деген сунуш киргизген. Анда насыяга жараша жарым жылдык жеңилдиктер берилери айтылган. Андан сырткары Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан сунуш түшкөн. Аларга да жеңилдетилген насыя берүү боюнча тапшырмалар берилген.

Муканбетовдун айтымында, Ош базарында 30-январда чыккан өрттөн 3,5 миӊ чарчы метр, 5-марттагы өрттөн 2 миӊ чарчы метр, 13-апрелдеги өрттө 2 миӊ чарчы метр соода жайы күйгөн. Ал эми Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында чыккан өрттөн 359 ишкер 630 млн. сом өлчөмүндө зыян тартканы белгилүү болду.

Өрттөн жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү боюнча токтом кабыл алынып, мекеме аралык комиссия түзүлгөн. Муканбетов жабыр тарткан жарандардын саны такталып жатканын айтты. КЕ)

XS
SM
MD
LG