Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

ТИМ Ирак абагындагы кыргызстандыктар боюнча маалыматты тактап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иракта өлүм жазасына тартылганы сөз болуп жаткан кыргызстандык боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ТИМдин өкүлү Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди.

17-апрелде Орусиянын “РИА Новости” маалымат агенттиги Ирактын “Al-Sumaria” телеканалына шилтеме келтирүү менен Багдадда жети чет элдик өлүм жазасына тартылганын жазган. “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулганы үчүн жазага тартылгандардын арасында бир кыргызстандык аял бар экени айтылган.

Март айынын башында да "РИА Новости” маалымат агенттиги Иракта кыргызстандык үч аял террорчулукка шектүү катары камалып жатканын кабарлаган. Алардын аттары Асел Асилжан кызы, Зухра Кадирова жана Фатима Маруфжанова экени, келиндер балдары менен жатканы айтылган. Аялдар террорчулук жана Ирактын чек арасын мыйзамсыз бузуу боюнча айыпталып жатканы, өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экени белгиленген.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ирак мамлекетине жана эл аралык “Кызыл чырым” комитетине кайрылган. Кайрылууга жооп келген-келбегени белгисиз. (ErN)

XS
SM
MD
LG