Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 18:53

Парламентте жаңы депутаттар ант беришти


Насыр Мусаев жана Руслан Чойбеков.

Бүгүн Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси менен жаңыдан мандат алган депутаттары ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга расмий киришти. Алардын бири Насыр Мусаев. Ал маркум Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келди. Экинчиси Руслан Чойбеков Казакстанда аткезчиликке байланыштуу айыпталып камалган депутат Дамирбек Асылбек уулунун ордуна келген. БШК Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экенин тастыктаган документтер келип түшкөн соң 15-апрелде аны мандаттан ажыраткан.

Быйыл 15-16-февралда Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары 29 киши кармалган. Алардын арасында Кыргызстандын үч жараны, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу Кыргызстандын жараны болгонун, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн "Азаттыкка" билдирген.

Айрым маалымат каражаттары кыргызстандык депутатты "Кытайдан Казакстанга жана Орусияга аткезчилик менен жүк ташыган кылмыш тобунун башчысы" деп жазып чыгышкан. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG