18-апрелге караган түнү Баткен облусунун Лейлек районуна кар жаады. Бул тууралуу жергиликтүү тургандар социалдык тармактарга сүрөттөрүн коюшту. Алар айрым айылдарда өрүктү үшүк урганын жазып жатышат. Учурда өлкөнүн бир топ райондорунда алма гүлүн ачкан маал.
Кыргызгидромет өлкө аймагында 20-апрелге чейин аба ырайы туруксуз болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаай турганын кабарлаган. Анын маалыматына ылайык, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү түшөт.
Чүй жана Талас облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -2 градуска түшүп, үшүк жүрөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, жаңы байлаган мөмөлөрүнө коркунуч келтирет.
17-20-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад жана Баткен областарындагы тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт. (КЕ)