Иракта орусиялык эки аял «Ислам мамлекети» тобунун мүчөсү катары соттолду. 17-апрелде сот өкүмү чыккан аялдар дагестандыктар болгону кабарланууда.
Ирактын телеканалдарына шилтеме кылган орусиялык маалымат каражаттарынын жазганы боюнча, ушул эле соттук жыйында дагы үч азербайжандык жана бир кыргызстандык аялды өлүм жазасына кескен өкүм чыккан.
“Франс-Пресс” агенттиги болсо азербайжандык беш аял өлүм жазасына тартылганын жазды. Сот жараяны учурунда эки аял колдоруна балдарын көтөрүп отурган.
Ирактын бийлиги былтыр декабрда ага чейин өлкөнүн үчтөн бирин көзөмөлдөп келген «Ислам мамлекети» экстремисттик тобун жеңгенин жарыялаган. Өлкөнүн терроризмге каршы күрөшүү тууралуу мыйзамдарына ылайык, кыянат иштерге аралашпаган, бирок согушкерлерге жардам берген адам жоопкерчиликке тартылат.
Маалыматтарга караганда Иракта өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атап алган террордук топ менен байланышта болгон миңдей чет элдик аял бар. Алардын көбү - Түркиядан жана мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдөн баргандар. Кыз-келиндердин айрымдарын өлүм жазасына тартууга өкүм чыккан.
«Ассошиэйтед пресс» агенттиги өткөн айда Иракта «Ислам мамлекети» менен байланышта болгон деп шек саналган жалпысынан 19 миңдей адам кармалып турганын маалымдаган.
Ирактын бийлиги өлүм жазасына өкүм кылынган чет элдик аялдар боюнча өкүмдөр аткарылганын жарыялай элек.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иракта өлүм жазасына тартылганы сөз болуп жаткан кыргызстандык тууралуу тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ТИМдин өкүлү Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди.
Ирак абагындагы кыргызстандык аялдар тууралуу буга чейин да маалыматтар чыккан.