Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:25

Башкырстанда өспүрүм мектепке бычак менен кол салды


Орусиядагы мектептердин бири. Архивдик сүрөт.
Орусиядагы мектептердин бири. Архивдик сүрөт.

Тергөө комитети мектепке бычак менен кол салуу боюнча эки кылмыш ишин козгоду. Башкырстандагы 17 жаштагы өспүрүм Кылмыш-жаза кодексинин “Эки же андан көп кишини өлтүрүү аракети” беренеси боюнча айыпталууда. Экинчи иш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алган мекемелердин кызматкерлерине “Шалаакылык” беренеси менен козголгон.

Тергөөнүн маалыматына караганда, шаардагы №1 мектептин окуучусу информатика кабинетине бычак көтөрүп кирип келип, классташ кызын жана мугалимди жарадар кылган. Андан кийин ал күйүүчү май төгүп, от койгон жана өзүнө да кол салган. Бул учурда мектептеги өрттү эскертүүчү сигнализация иштеп, бир окуучу коркконунан экинчи кабаттан секирип кетип жабыркаган.

Окуя болгон мектептин видеосу

Жабыркаган үч окуучу жана мугалим ооруканага жеткирилген. “Интерфакстын” жазганына караганда, бир окуучунун абалы оор.

Тергөөдө маалым болгондой, кол салган окуучунун ачуулуу жүрүм-туруму боюнча мурда эле арыздар түшкөн.

Быйыл январь айында да Орусиянын Пермь жана Улан-Удэ шаарларында окуучулар мектепке кол салган эки окуя катталган.

XS
SM
MD
LG