Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 22:40

Орусияда “Телеграмга” бөгөт коюу анын тегерегинде болгон алты окуяны эске алганда ылайыгы жок чечим болду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары мекемесинин башчысы Руперт Колвилл билдирди.

Анын пикиринде, “Телеграмдын” ишин соттук териштирүү жараяндарында “укуктук коргоого жана көзөмөлгө кепилдик берген” адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттар сакталган жок.

Буга чейин БУУ "Телеграмм" кат чабарманындагы сыр сөздү талап кылуу жапырт эмес, ар бир иш боюнча сот чечими менен өз-өзүнчө каралышы керек экенин, бирок анда да адам укуктары сакталышы зарыл болоорун билдирген.

Июль айында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы сот чечими жок эле “Телеграм” мессенжериндеги алты колдонуучунун сүйлөшүүлөрүнүн сыр сөзүн талап кылган. “Телеграм” талапты аткарбай койгондон кийин 800 миң рубль айыпка жыгылган.

13-апрелде сот Роскомнадзордун доо арызы менен мессенжерге бөгөт коюу тууралуу чечим чыгарган. Сот токтомунда Федералдык коопсуздук кызматына сыр сөздөрдү бергенге чейин “Телеграм” бөгөттөлөөрү жазылган.

17-апрелде Роскомнадзор “Амазон” менен “Гуглдагы” 16 миллион колдонуучунун IP-даректерин жапты.

“Телеграмдын” негиздөөчүсү Павел Дуров “орусиялыктардын жашыруун кат алышуу укугун коргой берээрин” билдирип, тосмону буйтап өтүүгө көмөк көрсөткөндөргө каражат төлөөгө убада берди.

XS
SM
MD
LG