Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 09:03

Исабек Султаналиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Буга байланыштуу буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Жаңы дайындалган орун басар бүгүн мекеменин жамаатына тааныштырылды.

Султаналиев буга чейин УКМКнын Тергөө башкармалыгынын 1-бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Сапар Исаков 16-апрелде бул кызматтын башчысы кылып буга чейин УКМКнын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген Болот Сүйүмбаевди дайындаган. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири катары белгилүү. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG