Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Илхам Алиев бүгүн төртүнчү президенттик мөөнөтүнө киришти


Илхам Алиев.
Илхам Алиев.

Ал парламенттеги инаугурация аземинде өлкөнүн Конституциясына жана Куран китебине кол коюп ант берди.

56 жаштагы авторитардык президент 11-апрелде өткөн чукул шайлоодо добуштардын болжол менен 86 пайызына ээ болгон. Былтыр өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык, Алиевдин жаңы президенттик мөөнөтү мурдагыдай беш эмес, жети жылга созулмакчы.

Азербайжандын оппозициячыл партиялары добуш берүү таза өтпөсүн белгилеп, кезексиз шайлоого бойкот жарыялашкан. Эл аралык байкоочулар шайлоодо административдик ресурс кенен колдонулганын, шайлоочуларды ташып келүү, бюллетендерди тобу менен таштоо сыяктуу мыйзам бузуу учурлары катталганын айтып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG