Полиция кызматкерлери Еревандын Франция аянтында өтүп жаткан акциянын катышуучуларын кармады. Укук коргоо органдарынын "Азаттыктын" армян кызматына билдиргенине караганда, жолдорду ачуу максатындагы иштин алкагында кармалган кишилердин саны 60ка жеткен.
Бир аптадан бери демонстранттар мурдагы президент Серж Саргсяндын премьер-министрликке келишине каршы чыгышууда. Армениянын парламенти Серж Саргсянды элдин каршылыгына карабай, 17-апрелде премьер-министрликке бекитти. Анын талапкерлигин бийликтеги Республикалык партия сунуш кылып, добуш берүүдө 76 депутат колдоп, 17си каршы чыкты.
Кечээ Еревандын борбордук аянтына буга нааразы болгон он миңдеген адам жыйналган. Демонстранттар өкмөттүк мекемелерди иштетпей коюу
менен Саргсяндын режимин баркыт революция же зомбулуксуз жол менен
алмаштырууну көздөөдө.
Борбордук Франция аянтындагы митингден кийин нааразылык акцияларынын лидери, оппозициячыл депутат Никол Пашинян “өлкөдө революциялык кырдаал” түзүлгөнүн, тынч мүнөздөгү “баркыт ыңкылабы башталганын” жарыялап, курчоого алуу үчүн демонстранттар өкмөттүк имараттарды карай жылышкан эле. Алар Башкы прокуратураны, Борбордук банкты, Кассациялык сотту, өкмөт имаратынын жаңы корпусун, анын ичинде Тышкы иштер министрлигин, Юстиция министрлигин курчоого алганы кабарланган.
2015-жылдагы конституциялык реформадан кийин Арменияда премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президенттики тескерисинче азайган эле.
Өлкөнүн мурдагыдай жалпы эл эмес, парламент шайлаган президенти Армен Саркисян 9-апрелде кызматка киришкен.
Серж Саргсян президенттиктен кийин премьер-министрлик кызматка өтүү ниетин быйыл март айына чейин төгүндөп келген.