Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

Мектепте окуучуга кол көтөргөн мугалим иштен кетти


Сүрөт Интернетке тараган видеодон алынды.
Сүрөт Интернетке тараган видеодон алынды.

Мектепте окуучуга кол көтөргөн мугалим арызын жазып иштен кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Калперизат Айдарбекова билдирди. Анын айтымында, окуя Бишкектеги №20 окуу-тарбиялык комплексинде, математика сабагында болгону аныкталды.

- Окуяны иликтеш үчүн комиссия түзүлдү. Ага билим берүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборунун өкүлдөрү, мектеп директору жана анын орун басары кирди. Комиссия өкүлдөрү окуучу жана анын апасы менен сүйлөшүптүр. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүптүр. Апасы эч кандай арыз жазбаптыр. Мугалим арыз жазып жумуштан кетти.

Интернетке мугалимдин сабак аткарбай отурган окуучуну желкеге коюп, жулкулдаткан видеосу тараган. Анда математика сабагынан берген мугалим 7-класстын окуучусун "жазбай, күлүп отурасың" деп урушкан.

Социалдык тармакта бул кызуу талкууланып, колдонуучулар мыкты мугалим урушпай түшүндүрө алаарын, бул зомбулукка кирээрин жазып жатышат. Окубаган баланы жазалаган педагогду колдогондору да бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG