Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Милициянын подполковниги шериги экөө 13 килограмм героин менен кармалды


Кармалгандардан алынган 13 таңгак героин.
Кармалгандардан алынган 13 таңгак героин.

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ири өлчөмдөгү баңгизатты Тажикстандан ташып келаткан эки адамды колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Шектүүлөр атайын операция учурунда Бишкектин Токтогул жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде кармалган. Алардын документтерин текшерүү учурунда бири 50 жаштагы Тажикстандын жараны М.М., экинчиси 41 жаштагы Кыргызстандын жараны, Кара-Көл шаарынын тургуну М.Н. экени аныкталган. Текшерүү учурунда колго түшкөндөрдүн автоунаасынан көк тасмага оролгон, атайын жытка ээ порошок салынган 13 таңгак алынган.

Экспертизага ылайык, алынган зат героин экени такталган. Салмагы 13 кг 500 граммды түзгөн.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси ("Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу") боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалгандар ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Документтерди текшерүү учурунда Кыргызстандын жараны М.Н. ИИМдин атайын багыттагы полкунун бөлүмдөрүнүн биринде улук инспектор болуп иштей турганы, подполковник наамы бар экени такталды. Анын чинин алуу боюнча ИИМдин Өздүк тергөө кызматы аракеттене баштады. Милициянын баркына доо кетирген кызматкердин атайын наамын жана башка жеңилдиктерин алуу боюнча иш сотто каралат. Факт боюнча тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG