Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун өкүлдөрү Думага кире албай жатат


Дума шаары.
Дума шаары.

Химиялык куралга тыюу салуу эл аралык уюмунун Сириядагы миссиясынын коопсуздугун камсыз кылган Бириккен Улуттар Уюмунун кызматкерлери шейшемби күнү Дума шаарында аткылоого кабылды.

Маалымат каражаттарынын жазышынча, бул тууралуу уюмдун баш катчысы аткаруу комитетинин шаршембидеги жыйынында кабарлады. “Рейтер” агенттиги да коопсуздук маселелеринен улам Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун кызматкерлери Дума шаарына кире албайт окшойт деп жазган.

Күбөлөр, оппозиция активисттери, Батыш өлкөлөрү 7-апрелде Сириянын Дума шаарына курамында хлор жана зарин газдары бар бомба ташталганын, анын айынан кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылганын билдиришкен.

АКШ, Британия жана Франция химиялык чабуул болду делген жерге кирүүгө тоскоолдук кылып жатат деп Сирия менен Орусияны айыптап жатат. Батыш мамлекеттери Дума шаарын көзөмөлдөп жаткан орусиялык жана сириялык аскерлер чабуул боюнча далилдерди жок кылып салышы мүмкүн деп кооптонушууда.

Химиялык куралга тыюу салуу эл аралык уюмунун эксперттери Дамаскка ишембиде келген, бирок азыркыга чейин Дума шаарына кирише элек.

Расмий Дамаск жана Орусия 7-апрелде болгон деген окуяны “чагым” катары мүнөздөп, эч кандай химиялык чабуул жасалбаганын айтып жатат жана жалган маалымат үчүн "Ак каскачандар" тобун айыптоодо.

"Ак каскачандар" - Сирия оппозициясы көзөмөлдөгөн аймактарда жабыркагандарга жардам берүү менен алектенген уюм. “Рейтер” агенттигинин шаршембиде кабарлашынча, алар химиялык сокку, анын ичинде чабуулдун курмандыктары көмүлгөн жай тууралуу Химиялык куралга тыюу салуу уюмуна маалымат берген.

Соңку химиялык чабуул деп сыпатталган окуядан улам АКШ, Британия, Франция өткөн ишемби күнү Сириянын химиялык курал программасына “конкреттүү байланышы” бар үч жайына 100дөн ашуун ракета менен сокку урган.

Орусиянын биргелешкен бул аскерий аракетти “агрессия” катары баалаган.

XS
SM
MD
LG