Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:04

Онкологиялык оорулар үчүн жабдуу боюнча тендер убактылуу токтотулду


Онкология борборунун балдар бөлүмү.

Кыргызстанда “Центерра Голд” компаниясы берген акчага онкологиялык ооруларды дарылаш үчүн жабдуу сатып алуу боюнча тендер убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Онкологиялык кызматка колдоо көрсөтүү” коомдук фондунун жетекчиси Нургүл Аднаева билдирди.

Аднаеванын айтымында, акча фонд аркылуу түз эле өздөштүрүлүшү керекпи же мамлекеттик бюджеттен өтүшү зарылбы деген маселе жакын арада чечилет:

- Бардык нерсеге даярбыз. Эгер "мамлекет аркылуу өтөт" дешсе - документтерди толук тапшырып беребиз. Баары даяр.

Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн кыргыз өкмөтү канадалык инвестор “Центерра Голдду” 2013-жылы сотко берип, 100 миллион доллар кенемте талап кылган. Бирок 2017-жылы стратегиялык макулдашуу кабыл алынып, Кыргызстан доосунан кайра баш тарткан. Анын ордуна “Центерра Голд” онкологиялык кызматты жакшыртууга 10 миллион, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон. Экөөнү тең коомдук уюмдун эсебине которуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Ошол чечимге ылайык былтыр сентябрда өкмөт “Онкологиялык кызматка колдоо көрсөтүү” коомдук фондун түзүп, инвестор убада кылган 10 миллион доллардын 7 миллионун Кыргызстанга бир ай ичинде которгон. Бул каражат KICB банкында жатат.

Маселе парламенттик комитетте көтөрүлүп, "өкмөт онкологиялык кызматты колдоо фондун түзүү тууралуу токтомун кайра карап чыксын жана анын акчасын бюджет аркылуу өткөрүүнүн жол-жобосун иштеп чыгып, сунуш кылсын" деген чечим чыккан.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматына караганда, жыл сайын 6 миңдей кыргызстандыктан онкологиялык илдет аныкталып чыгат, алардын 3 миңден ашууну дүйнө менен кош айтышат. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG