Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Парламент өкмөттүн өлкөдөгү жол коопсуздугу боюнча ишин талкуулайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш бүгүн жол кырсыктары боюнча абалга жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу маселесине арналган "өкмөттүк саат" форматында талкуу өткөрөт. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйынга вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев катышат.

Буга чейин парламент Кылмыш кодексине жол кырсыгына айыптуулар үчүн жазаны күчөтүүчү айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөргөн.

Кайгуул милициясынын маалыматына караганда, кийинки убакта Кыргызстанда жол кырсыктары кескин көбөйүүдө.

Былтыр өлкөдө 6 миңден ашуун тиешелүү факты катталып, 900дөй киши каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG