Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушту колдоду.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.
Парламенттин бүгүнкү жыйынында “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин бүгүнкү күн тартибине киргизүүнү сунуш кылган. Бул демилгени “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов колдоп, бардык процедуралар аткарылганын айткан.
Сунушту жыйынга катышкан 113 депутаттын 102си колдоду. Учурда тармактык комитеттин корутундусу даярдалууда.
17-апрелде Жогорку Кеңештеги оппозициялык азчылыкты түзгөн “Ата Мекен", “Республика – Ата Журт” жана "Өнүгүү-Прогресс” фракциялары өкмөттүн 2017-жылдагы ишин "канааттандырарлык эмес" деп баалашкан.
Буга чейин өкмөттүн отчетун коалициялык көпчүлүккө кирген КСДП жана "Кыргызстан" фракциялары караган жана экөө тең оң баа берген.
Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта ишке киришкен. Негизинен жаш кадрлардан түзүлгөн өкмөттүн айрым мүчөлөрү быйыл кызматтан түрдүү себептер менен кетти. (КЕ)