Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Классташтардын жолугушуусуна каршы чыккан имамга эскертүү берилди


Мектеп бүтүрүүчүсү.
Мектеп бүтүрүүчүсү.

Классташтардын жолугушууларын өткөрүүгө каршы чыккан имам Бахтыяр Шараповго Бишкек шаарынын казысы эскертүү берди. Бул тууралуу казынын жардамчысы Толкунбек Жуманов "Азаттыкка" билдирди.

18-апрелде "YouTube" порталында классташтардын 10-20 жылдык жолугушууларын уюштурбоого чакырган диний мүнөздөгү аудио жазуу тараган. Аны Бишкектин Киркомстром конушундагы "Хайл-Хижра" мечитинин имамы Бахтыяр Шарапов сүйлөгөнүн Интернеттеги сайттар жазышкан. Муну казынын жардамчысы Толкунбек Жуманов да бышыктады:

- Ауидо жазуу Интернетке чыгары менен Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Мажидов имамга телефон чалып, мындай чакырык таштоо туура эмес экенин катуу эскертти. Имам экинчи мындай кылбаганга убада берди.

Казыят өкүлү имамдын сөздөрү анын жеке пикири экенин, башкалардын көз карашын чагылдырбай турганын кошумчалады.

Бахтыяр Шарапов “Азаттыкка” комментарий берип, муну эки апта мурун мечитте сүйлөгөнүн айтты:

- Ибадатка келгендердин бири ушул темада суроо узаткандыктан, жооп иретинде айттым эле. Чакырык кылуу ниетим жок эле. Ар бир адам адашат эмеспи. Казыяттан эскертүү беришти. Туура кабыл алдым.

Кыргызстанда жыл сайын мектепти бүтүп кеткен классташтардын 10-20 жылдык жолугушуулары өтөт. Коомчулукта мындай жыйындар достордун сагынычын тараткан кезигишүүсү катары да, ашыкча чыгым катары да сыпатталып жүрөт. (SE)

XS
SM
MD
LG