Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Турсунбеков: Ишеним көрсөтпөө маселесин көпчүлүк коалиция көтөрүшү керек эле


Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы спикер Чыныбай Турсунбеков парламенттин өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимине пикирин билдирип, "бул маселени көпчүлүк коалиция көтөрүшү керек болчу" деген оюн айтты.

- Негизи коалициялык көпчүлүк жакшыраак иштеши керек эле. Ал өзүнүн өкмөтүн мындайга жеткирбей алдын-ала сүйлөшүп, алардын өз ыктыяры менен кетишине шарт түзүп бериши керек болчу. Саясатта чыңалуу болгону үчүн ушундай болуп жатат. Азыр кырдаал оор. Ишеним көрсөтпөөнүн өзү саясий күчтөрдүн мамилелеринин татаалдашып калганын көрсөтүп турат. Саясий күчтөрдү бириктирүү - премьердин милдети, анткени көп маселелер өкмөт башчыдан көз каранды, өзгөчө кадр маселеси. Чыңалуу болбосо өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси чыкмак эмес. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө деген өтө чоң, олуттуу маселе.

Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин колдоп, токтом кабыл алды. Аны депутаттардын 102и колдоду. Эми парламенттин токтому президентке жөнөтүлөт. Президент кол коюп, өкмөттүн кызматтан кетишин кабыл алышы керек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG