Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:47

ЖАМК: Текебаев башка камерага которулбайт


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.

“Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери башка камерага которулбайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова ​билдирди. Ал "Текебаевге кысым болуп жатат" деген сөздөрдү төгүнгө чыгарды.

- Мурдагыдай эле отурган жеринде дарылануусун улантып жатат. Ал келгенден бери эле ушундай сөздөр айтылып жатат. Ал туура эмес.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов эки күндөн бери Өмүрбек Текебаевге кысым жасалып жатканын, аны башка камерага которуп, башкаларды үстүнө кошууга аракет жасалып жатканын парламентте билдирген.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан.

Өмүрбек Текебаев №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG