Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Словак журналистинин өлүмүн эл аралык тергөө тобу иликтейт


Ян Куциак жана анын сүйлөшкөн кызы Мартина Кушированын сүрөтү.
Ян Куциак жана анын сүйлөшкөн кызы Мартина Кушированын сүрөтү.

Словакиялык журналист Ян Куциактын өлтүрүлүшүн эл аралык тергөө тобу иликтейт. Тиешелүү макулдашууга Гаагада Словакиянын, Италиянын, ошондой эле Европол менен Евроюсттун өкүлдөрү кол коюшту.

Журналист Ян Куциак Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөөчү эл аралык борбор менен кызматташчу. Ал словак премьер-министри Роберт Фицого жакын ишкерлер жана аткаминерлер мафия менен тыгыз байланыштагы италиялык ишкерлер менен табакташ экенин жазып чыккан.

Куциактын жана анын сүйлөшкөн кызынын сөөгү 25-февралда Галанта аймагындагы үйүнөн табылган. Муну бийлик жана жергиликтүү журналисттер анын кесиптик ишмердигине байланыштырышкан.

Ушундан кийин өлкөдө саясий кризис жаралып, Словакия өкмөтү кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG