Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Жээнбеков Сапар Исаков баштаган өкмөттү кызматтан кетирди


Сооронбай Жээнбеков жана Сапар Исаков.
Сооронбай Жээнбеков жана Сапар Исаков.

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн кетиши жөнүндө жарлыкка кол койду. “Мамлекет башчы Жогорку Кеңештин өкмөткө ишеним көрсөтпөгөнүнө байланыштуу Конституциянын 85-беренесинин 6-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүн кызматтан кетирди”, - деп жазылган президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү жиберген кабарда.

Жарлыкка ылайык, премьер-министр, вице-премьер-министрлер, өкмөт мүчөлөрү мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык өз милдеттерин аткарууну өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.

Бүгүн Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен өкмөткө ишенбестик көрсөтүү тууралуу парламенттеги азчылыктын сунушун колдоду. Ага 102 депутат “макул”, төртөө “каршы” добуш беришти.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта ишке киришкен. Негизинен жаш кадрлардан түзүлгөн өкмөттүн айрым мүчөлөрү быйыл кызматтан түрдүү себептер менен кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG