Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Атамбаевдин доосу: Жогорку сот Жакупованын өтүнүчүн кайра кароого жөнөттү


Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

Жогорку сот “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доосу боюнча компенсацияны бөлүп төлөө тууралуу өтүнүчүн кайра кароого жиберди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жакупова өзү билдирди.

Буга чейин Бишкек шаардык жана райондук соту Жакуповага коюлган айыпты бөлүп төлөөгө тыюу салган чечим чыгарган болчу.

Анын айтымында, соттук коллегия бул боюнча чечимди бүгүн, 19-апрелде кабыл алды.

- Жогорку сот биринчи эки инстанциянын чечимдерин артка кайтарып, ишти кайра кароону биринчи инстанцияга жиберди. Эми жаңы отурум болот. Башкача айтканда ишти эми кайрадан ошол эле Октябрь райондук соту карайт, - деди Жакупова.

Октябрь райондук соту жана Бишкек шаардык соту Атамбаевге компенсацияны бөлүп төлөө боюнча Жакупова менен чогуу журналист Нарын Айыптын апелляциялык арызын да канааттандырган эмес.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Чолпон Жакуповага таандык Ысык-Көлдөгү коттежди жана Нарын Айыптын учурда жашап жаткан батирин сатыкка чыгарып, анын эсебинен айыппул өндүрүүнү соттон өтүнгөн. Анын алдында соттун чечими менен сөз болуп жаткан имараттар камакка алынган. Кийин Сыдыков Нарын Айыптын үйүн саттыруу тууралуу өтүнүчүн кайтарып алган.

Башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо жөнүндө арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Мунун ичинен басылма 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон.

Ушундай эле өңүттөгү кине менен “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Өлкөдөгү жана эл аралык бир катар уюмдар бул сот чечимине байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, аны сөз эркиндигине басым катары баалашкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG