Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:20

Масалиев: КСДП оппозицияда калышы керек


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

“КСДП баштаган көпчүлүк коалиция өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушту колдогону жакшы болбой калды”. Бүгүн парламенттин түштөн кийинки жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев ушундай пикирин билдирди. Ал коалицияны "буга чейин кадр маселесин чече алган эмес" деп сындады.

- Бир жума мурда өкмөттүн отчетуна жакшы баа берип, бүгүн ишеним көрсөтпөөнү колдогону жакшы болбой калды. Сиздер өкмөтүңөрдү коргошуңар керек болчу. Бүгүн ишеним көрсөтпөө - КСДП фракциясына ишеним көрсөтпөө деген сөз.“Кыргызстан”, “Бир Бол” фракциялары, коалицияда жүрүп бир да кадр маселесин чече албай жүргөнсүңөр. Ошондуктан карап көргүлө деп сунуш кылат элем.

Масалиев КСДПны оппозицияга калтырып, калган беш фракция биригип коалиция түзүүнү сунуш кылды.

Парламенттеги көпчүлүк коалициянын курамына “Республика - Ата Журт” фракциясынын кириши күтүлүп жатканын КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан учурда билдирген.

Бүгүн Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен өкмөткө ишенбестик көрсөтүү боюнча парламенттеги азчылыктын сунушун колдоду. Ага 102 депутат “макул”, төртөө “каршы” добуш беришти.

Өкмөттү кызматтан кетирүү жөнүндө жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG