Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Ак-Сууда жер тилкесин талап кылгандар дагы акцияга чыгышты


Жол-Колот айылында чогулгандар.
Жол-Колот айылында чогулгандар.

Ак-Суу районунун Жол-Колот айылынын тургундары жер бөлүп берүү маселесин көтөрүп, нааразылык акциясына бүгүн да чыгышты. 100гө чукул жашоочулар айыл аймагындагы мурунку урук өндүрүүчү станциянын аймагындагы 108 гектар жерди айыл элине үлүшкө бөлүп берүүнү талап кылууда.

Алар "Мамыр" аттуу акционердик коомунан жерди ажыратып, элге жер тилкеси катары бөлүш керек деп эсептешет.

Нааразы болгондор менен облустун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев, райондун акими, облустук милициянын башчысы жолугуп талаптарын угушту. Жылкыбаев айыл элинен төрт кишиден өкүл шайлап, парламенттин төрагасына жолугууну сунуш кылды. Айыл эли ага макул болуп, эртең Жогорку Кеңешке бармай болушту.

Ал эми жерге ээлик кылган "Мамыр" жеке акционердик коомунун жетекчилиги болсо ал жер мыйзамдуу түрдө акционердик коомго тийиштүү экенин айтып, маселени мыйзамдуу чечип, териштирүү зарыл экенин айтууда. Мекеменин өкүлдөрү жерди басып алуу укуктук башаламандык экенин айтып, президент менен Жогорку Кеңештен жана тийиштүү укук коргоо органдарынан буга чара көрүүнү суранышат.

Мындай талап менен айыл эли 17-апрелде да нааразылык акцияга чыккан болчу. (AsM\ErN)

XS
SM
MD
LG