Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Трамп Ким менен сүйлөшүүдөн чыгып кетиши да ыктымал


Тынч сүйлөшүүлөргө түштүк кореялыктар өзгөчө маани берүүдө.
Тынч сүйлөшүүлөргө түштүк кореялыктар өзгөчө маани берүүдө.

АКШнын президенти Түндүк Кореянын лидери менен жолугушууга чоң үмүт артып жатканын 18-апрелде билдирди. Ал эгер сүйлөшүү жемиштүү болбосо аны токтотуп, жыйындан чыгып кетүүгө даяр экенин кошумчалады.

- Түндүк Корея өзөктүк куралдарынан арылмайын болушунча басым кылуу аракеттерибиз улана берет. Алар жасап аткан иштердин көптөгөн өңүттөрүн абдан сыйлайбыз. Бирок биз чогуу жыйын курушубуз керек. Биз өзөктүк куралды тыйышыбыз керек. Идеалында дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда. Бул баарыбыздын максатыбыз болмок, - деди Дональд Трамп.

АКШнын президенти ошондой эле Түндүк Кореянын түрмөлөрүндөгү үч америкалыкты кайтарып алууну көздөп жатат.

Эки өлкөнүн лидерлери июндун башында жолукканы турат. Бул үчүн Азияда Улан-Батор, Бангкок же Сингапур, ал эми Европада Прага, Варшава, Хельсинки, Стокгольм, Осло же Женева шаарлары каралып жатканын "Bloomberg" агенттиги жазып чыкты.

Пхеньяндагы режим акыркы жылдары өзөктүк куралдарын байма-бай сынап, алыстан АКШ, жакындан Түштүк Кореяны опузалап келген. Быйылтан тартып ал кепке келип, сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

XS
SM
MD
LG