Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Кубада Кастролордун лидерлиги соңуна чыгууда


Мигель Диас-Канель жана Рауль Кастро. 1-май, 2016-жыл.
Мигель Диас-Канель жана Рауль Кастро. 1-май, 2016-жыл.

Кубанын лидери Рауль Кастронун ордун ким басары белгилүү болду. Шаршембиде өлкөнүн парламенти Коммунисттик партиянын баш катчылыгына жалгыз талапкер катары Кастронун орун басары Мигель Диас-Канелди көрсөттү.

86 жаштагы Рауль Кастро Кубаны он жыл башкаргандан кийин кызматтан кетип жатат. Ал бийликти агасы, маркум Фидель Кастродон 2006-жылы өткөрүп алган. Анын кетиши менен Кастролордун үй-бүлөсүнүн 1959-жылдан берки бийликтеги доору аяктамакчы.

57 жаштагы Мигель Диас-Канелди лидерликке көрсөтүү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы расмий түрдө бүгүн жарыяланат. Анда Рауль Кастро президенттикти жаңы лидерге өткөрүп бериши күтүлүүдө. Кесиби боюнча инженер Диас-Канел буга чейин биринчи вице-президенттик кызматты аркалап келген.

XS
SM
MD
LG