Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Террор боюнча шектүү Акилов күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алды


Рахмат Акилов.
Рахмат Акилов.

"Стокгольмдо теракт кылган" деп айыпталган Өзбекстандын жараны Рахмат Акилов тагылган айыптарды жарым-жартылай моюнуна алды.

Швеция радиосунун кабарына караганда, 18-апрелде Стокгольм соту былтыр апрелде өлкө борборунда жасалган терактка күбө болгон жабырлануучуларды угуп бүттү.

"Акилов 149 доочунун 130у айткан кылмыштарды моюнуна алды. Ошондой эле ал соттук териштирүүлөр башталганда теракт маалында каза болгон беш кишини өлтүргөнүн айткан", – деп маалымдады Швеция радиосу.

Буга чейин Рахмат Акилов Стокгольмдогу терактты "Ислам мамлекети" террордук тобунун башчыларынын биринин буйругу менен жасаганын билдирген.

Бул иш боюнча быйыл 13-февралда башталган сот 9-майда аяктап, өкүм июндун экинчи жарымында чыгат.

Өзбекстандын 40 жаштагы жараны Рахмат Акилов "былтыр апрелде жүк ташыган унаа менен Стокгольм борборунда жөө адамдарды тебелетип кеткен" деп айыпталууда. Анда беш киши каза болуп, он беш адам жабыркаган.

XS
SM
MD
LG