Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Бишкекте алтынчы “Билим фестивалы” башталды


“Билим фестивалынын" башталышы. Бишкек, БГУ.
“Билим фестивалынын" башталышы. Бишкек, БГУ.

Бүгүн, 20-апрелде Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде “Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: досторума мейманга” деп аталган ураан алдында алтынчы “Билим фестивалы” башталды.

Ага мектеп окуучулары, студенттер, мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын, Кыргызстанда аккредитацияланган элчиликтердин өкүлдөрү катышууда.

Фестивалдын биринчи күнүндө бардык аталган окуу жайда экскурсия болот. Кийинки күндөрү концерт, дүйнө элдеринин бийлери, мектеп окуучуларын дүйнөнүн ар башка тилдериндеги саламдашуу сөздөрүнө үйрөтүү жана студенттердин дебаттары болот.

Мындан тышкары мектеп окуучулары үчүн мастер-класстар, ЗD планетарий жана кесипке багыт берүүчү көргөзмө уюштурулат, ал мектеп окуучуларына келечектеги кесипти тандоого жардам берет.

Фестиваль балдарды жана жаштарды Кыргызстанда жашаган ар түрдүү улуттар менен тааныштырууга, аларда ар кыл элдердин улуттук көп түрдүүлүгүн жана маданий өз алдынчалыгын урматтоону тарбиялоого багытталган.

Иш-чараны “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, Бишкек шаарынын мэриясы, ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын улуттук комиссиясы жана К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети уюштурууда.

“Билим фестивалы” 2013-жылдан бери өтүп келатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG