21-апрелде түнкүсүн Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде -2 градус үшүк жүрөт. Нарындын Жумгал жана Кочкор райондорунда -3 градус үшүк болот. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” эскертет.
Кыргызстандын түштүк аймагындагы тоолуу жерлерде дарыялардан суу ташып, сел жүрүшү ыктымал. Тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу бар.
21-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана Ош облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, карга айланат. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 20...25,
Талас жергесинде түнкүсүн 0...-2, күндүз 8...13,
Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...-2, күндүз 10...15,
Нарын облусунда түнкүсүн 0...-2, күндүз 12....17,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...5 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түндө 5…7°, күндүз 22…24°.